УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 30-ноябрда атайын кызматтын Балыкчыдагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында өлкөдөгү интимдик кызмат көрсөткөн жайлар тууралуу билдирүү жасады.
Ал УКМК тарабынан жакында Бишкек жана Чүй облустарында иштеп жаткан интимдик кызмат көрсөткөн жайларды ачыктоо иш чарасы жүргүзүлгөнүн белгиледи. Жыйынтыгында 10 сойкукана аныкталып, ал жерде 70тей кыз иштээри белгилүү болгон.
"Бул иш чаралардын негизинде мындай көңүл ачуучу жайлардын алты уюштуруучусу, 2 ээси кармалды. Ал жерден кармалган адамдардын баарынын документи жана кебетеси ачык көрсөтүлдү. Мен дароо айтайын, бул 70 чакты кыз күбө катары өтүп жатышат, ал эми жайларды уюштургандар жоопкерчиликке тартылат.
Эмнеге мындай жайлар көбөйдү? 30 жылдан бери баарыбыз: мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары, коопсуздук органдары ушундай маселе бардыгын билгенбиз, бул иш мыйзамды бузаарын, коомубуздун адеп-ахлагына туура келбешин да билгенбиз. Баары билген жана баары көзүн жумуп койгон. Мындан ары мындай болбойт. Биз буга көз жумуп кое албайбыз. Жок, бул жаман көрүнүштү жок кылабыз, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү, каражаты, күчү аны жок кылганга жетет. Анткени бул жаман көрүнүш өлкөбүздүн, кийинки муундун келечегине терс таасирин тийгизет. Биз бул ишти колго алышыбыз керек. Айрымдар бул бир жолку текшерүү, андан кийин токтойт деп ойлоп жатышат. Жок, андай болбойт. Биздин өлкөдө сойкуканалар, интим кызмат көрсөткөн жайлар болбойт. Биз аны толугу менен жок кылабыз", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал акчалуу жарандар, жогорку даражалуу аткаминерлер жана бизнесмендер үчүн элиталык интим-кызмат деген да бардыгын белгиледи. Анда эскорт - кызмат дегенге жамынып иш алып барышаарын кошумчалады.
"Тергөө "Туса", "Голодные игры", "Красотки", "Топ girls", "only kg ж.б. аталыштардагы мессенджердеги 8 топту аныктады. Телеграмда да эки группа бар экен. Алар: "Models 312", "Голодные игры" деп аталат. Бул группаларда 200дөй 18 жаштан 25 жашка чейинки моделдик кебетелүү кыздар болуп, акчага интим-кызмат көрсөтүп келишкен. Алардын бир сааты 500 доллардан 3 миң долларга чейин турган.
Инстаграм менен Тиктоктогу да популярдуу баракчалар аныкталды. Сулуулар сынагынын катышуучусу болгон, өтө көп интернет -күйөрмандары бар жаш кыздар, айрымдарынын жүз миңдеген катталуучулары бар. Жакшы үй-бүлөдө өскөн кыздар да, аткаминерлердин кыздары, аткаминерлер менен жүргөн кыздар, бизнесмендердин кыздары да бар, алар дагы кымбат баадагы эскорт-кызмат көрсөтүп келишкен", - деди Камчыбек Ташиев.
Айтымында, бул группалардын бардык катышуучулары жана администратору, 2002-жылы төрөлгөн С.С.Б., 1997-жылы төрөлгөн Т.А. аныкталган. Алар кардарларды түз издеп, жолугушуучу жерди алдын ала сүйлөшүп турушкан. Администраторлор кармалып, КР Кылмыш жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын абагына киргизилген.