Печать
Категория: Коом
Просмотров: 901

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга жумушчу сапар менен кеткени белгилүү болду. Ал кечээ, 30-ноябрда УКМКнын Балыкчыдагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик көбөйүп жатканын белгилеген.

"Баткен тарапта акыркы учурда контрабанда кайра көбөйүп баштады. Акыркы жумада эле 2 миллион сомго чейин контрабандалык товарларды кармадык. Токтоп, азайып калган эле кайрадан ошол жактагы жарандарыбыз аткезчилик менен алектенип баштады. Биз муну токтотушубуз керек. Бардык тийиштүү кызматтар бул боюнча катуу иштөөгө тийиш. Чек ара маселеси чечилмейинче, чек ара ачылбайт, контрабандага жол берилбейт", - деген Ташиев. 

Ошондой эле ал чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө аракет жасалып жатканын белгилеген. Кыш жакындаганда көмүр жана башка керектүү товарлардын аткезчилиги көбөйөөрүн, аны токтотууга чечкиндүү чаралар көрүлүшү зарылдыгын айткан. 

Камчыбек Ташиевдин Тажикстанга жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар өткөрүлөт.