Печать
Категория: Коом
Просмотров: 286

28-ноябрда  Жалал-Абаддагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын төрт активдүү мүчөсү: 1972-жылы туулган “Т.Т.Ж.”, 1983-жылы туулган “А.М.М., 1983-жылы туулган “У.Э.Э.”, 1986-жылы туулган “С.Ш.А.”, 1988-ж.т. “С.О.М.” жана 1991-жылы туулган “С.Б.С.” кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

 

Маалыматка караганда, аталган ячейканын мүчөлөрү Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу жана таратуу боюнча иш алып барышып, КМДБдан эч кандай тиешелүү уруксаат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталган. Ошондой эле, диний көз караштардан улам, алар светтик жашоону чанып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн өтүүгө жана башка медициналык процедураларга тыюу салышкан.

 

Бул адамдардын жашаган даректеринде тинтүүнүн натыйжасында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

 

Кармалгандардын бардыгы КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.