Печать
Категория: Коом
Просмотров: 345

 

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Долбоорго депутаттар Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Кубанычбек Самаков, Максатбек Сарбагышев жана Эмил Токтошев каршы добуш берди.
Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күнкарама сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты.

Документтин дагы бир автору, спикер Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирди.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.