Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева өлкөдө саатты бир саат артка жылдырууну сунуштады.
Ал мындай чечим электр энергиясын үнөмдөөгө жардамчы болоорун белгиледи.
"Кыргызстанда 2005-жылдан тартып саат жебеси бир ордунда калды. Ар күн сайын балдарды эрте ойготуп, стресске кабылтып жатабыз. Мектеп окуучулары караңгы кезде мектепке барууга туура келгендиктен, иттердин кол салуусуна дуушар болуп жатышат. СССРдин убагында жыл сайын жазгы жана кышкы убакытка өтчүбүз. "Кыргызстан Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу бир саат алдыда", - деди Темирбаева.