Кыргызстанда көз боемочулар көбөйүп баратат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мага "Сатурн менин конушум" аттуу компаниядан жабыркаган жаран кайрылды. Компаниядагылар жарандан акча алышып, ипотекага үй берүүнү убадалашкан. Бирок акчаны алгандан кийин чет өлкөгө кетип калышкан. Учурда милиция тарабынан аларга издөө жарыяланган. Мындай окуялар абдан көп. Милиция эч нерсе кыла албайт. Биз жарандарга кеңеш берүүчү юристтердин борборун ачышыбыз керек", - деди Бекешев.