Печать
Категория: Коом
Просмотров: 477

Ош облусунун Ноокат районундагы Герей-Шорон айылынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» деп аталган 1980-жылы туулган Малабаев Гүлжигит Карабаевич кармалганы ушул жылдын 23-сентябрында маалым болгон. Ал 2019-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турган.

Бүгүнкү күндө Г.Малабаев КР Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы №25-мекемеде (ТКЖ 5) кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК тараткан маалыматка караганда, 2023-жылдын октябрь айынын башында төмөндөгү адамдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экендигинен баш тартуулары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү:

1. 1964-ж.т., Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич, Баткен облусунун Лейлек районунун Миң-Жыгач а/а Тогузбулак айылында туулган, улуту кыргыз, «Хасан ата жана прокурор» деген ат менен белгилүү; 

2. 1967-ж.т., Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич, Баткен облусунун Баткен шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2013-жылдан бери «К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен облусунун ИИБнын ыкчам каттоосунда турган. «Равшан тентек» деген ат менен белгилүү;

3. 1973-ж.т., Рахманкулов Асланбек Маматбекович, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, туулуп-өскөн жана улуту  кыргыз, 2015-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда турган. «Голова» деген каймана ат менен белгилүү; 

4. 1983-ж.т., Саидбаев Ильяз Мамединович, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2010-жылдан бери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам каттоосунда турган. «Илюха» каймана аты менен белгилүү. 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыштуу топтордун жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери, анын ичинде ишкердик субъекттеринин жана инвесторлордун ишине мыйзамсыз кийлигишүү фактылары болсо, жарандарды, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн билдирүүнү өтүнөт", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.