Печать
Категория: Коом
Просмотров: 208

22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору, КР жараны Ж.З.О. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылды. Учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошол эле учурда “Сити Центр” ЖЧКсы “ЦУМ” соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.
Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылдын 11-ноябрында “ЦУМ” соода борборунун ээси А.Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.
Мындан тышкары, КР УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.