Печать
Категория: Коом
Просмотров: 320

Депутат Мирлан Самыйкожо парламент жыйынында  2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында, Акылбек Жапаровдун отчету ынандырганын билдирди. 

"Акылбек Усенбекович, сиздин азыркы берген отчет ынандырды. Жакшы отчет болду. Эл дагы мындай отчетту көргөндө, биз мамлекетибиз бар экен, күчтүү мамлекет болот экенбиз деп калат деп ойлойм. Сөзүңүздүн аягында жаңы от алган машина деп айтып кетпедиңизби? Анан ой кетет да кээде, мурда эле 30 жыл мурда от алдырып койсоңуздар эмгиче жарым жолго жетип калат беле деген... Эми мындай жүрүштөр менен кете турган болсок, келечек дагы тумандабай чоң үмүттөрдү арттырат деп ишенебиз. Мына, Нарынга 852 млн 736 миң сом бөлүнүп, анын 633 млну 2023-жылы каржыланды. Бул жакшы көрүнүш болду. 2024-жылга 8 млрд 713 млн 450 миң  сом 172 обьект сунушталып жатат, Кудай буюрса бул да бүтүп калса жакшы иш болот", - деди М.Самыйкожо.