Печать
Категория: Коом
Просмотров: 410

Акылбек Жапаров бир жыл мурда берген убадасын аткарды. Бул тууралуу Алишер Козуев парламент жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында айтты. 

"Кыргыз мамлекетинин 30 жылдык тарыхында жаңы терминдер пайда болгону сүйүндүрүп жатат. “Профицит” “триллион”-деген сөздөр бүгүнкү күндө жаңылык болууда. Биз убагында бул сөздөрдү өнүкккөн өлкөлөрдүн бюджетин талкуулап жатканда же экрандан эле көрчүбүз. Мына, Кудай буюрса жакшы ниет менен баштадык эле, ишке ашып отурат. Мына былтыркы жылы Акылбек Жапаров бюджетти  эки эсеге чейин көтөрөбүз дегенде көпчүлүккө бул жомок болгон. Жомок эмес эле аракет кылса болот экен.  Урматтуу Президентибиздин командасы ынтымакта иш алып барды. Камчыбек Кыдыршаевич өзүнүн тармагында канчалаган эбегейсиз иштерди жасап, 40 райондо имараттарды жаңылады. Ошол эле 106 млрд сомго жакын киреше тапкан бир эле кызмат болуп жатат. Ошондуктан башка кызматтар ИИМ болобу, салык кызматы  болобу, бажы тармагы болобу, ушундай биргеликте иш алып барса сөзсүз түрдө иш алдыга жылат", - деди Алишер Козуев.