Печать
Категория: Коом
Просмотров: 215

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор, алардын лидерлери деген түшүнүк болбой турганын дагы бир жолу белгиледи. Ал "Дженго" каймана аты менен таанымал УКТ лидери Кадыр Досоновдун коомчулукка криминалдык аракеттеринен баш тартканын кабарлап койгону менен кайра эле көнгөн адатын улантып жатканын билдирди. 

"Дженго" экранга чыгып айтып коюп эле, кайра криминалдык иштерин улантып жатат. Мен аны андай иштерин улантпай тургандай кылам. Мен аны лидер болбогудай кылам. Биздин өлкөдө УКТ деген болбойт, эч ким эч кимге кошумча жүк артпайт. Ишкерлер тынч иштеп, мамлекетке салык төлөп, мыйзам чегинде тынч жашашат. 

Мен бүгүнкү күнгө 2 жыл даярдандым. Учурда ал даярдык ишке ашып жатат. 2024-25-жылдары УКТ менен күрөшүү катуу болот, андан соң 2016-жылы баары тынчыйт. Криминал дегендин баарын жок кылабыз. 

"Дженго" биздин өлкөдө УКТ лидери болгон. Ал экранга чыгып кайттым деп койду, а чындыгында дагы деле ишкерлерди башкарып, кылмышкерлерди башкарып жатат. Мындан ары Матраимов да, Көлбаев да, "Дженго" да эч кимди башкарбайт. Бир гана мыйзам башкарат. Бул биздин урматтуу президентибиздин бизге койгон тапшырмасы. 

Сиздер, депутаттар, биздин иш аракетибизди колдоңуздар. Депутаттардын чоң-кичине аткаминерлер арасында тууган-уругу бар. Мына, азыр эле жыйынга келатканымда бир депутат токтотуп айтып жатат: "Биздин айылда райондук деңгээлдеги аткаминерди иштен алып жатыпсыздар, анын УКТ менен байланышы жок", - деп. Мен дароо айттым: "Анын "Казак" деген УКТ мүчөсү менен байланышы бардыгы үчүн иштен кетип жатат. Ал ага передача ташып жүргөн", - деп. Кайсы бир аткаминер иштен кетсе, жөн эле кетип жатат дебегиле. Уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар үчүн кетип жатат. Биз тууган-урукка карабайбыз", - деди Ташиев.