Печать
Категория: Коом
Просмотров: 419

Камчыбек Ташиев парламент жыйынында УКМК Конституцияда жазылган функционалдык милдеттерин аткарып жатканын, "өмүрүбүзгө коркунуч келет экен деген шылтоо менен отура берсек", мамлекет  өнүкпөй турганын белгиледи. Ошону менен катар уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө өз милдеттерин так аткарган УКМК кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. 

"Кызматкерлерге тапшырма берип жатам, күнү -түнү иштеп атабыз, аларга койгон негизги талап: кайтарылып алынган суммаларда, ошол эле УКТ, коррупция менен күрөштө - бир сом акчага, бир топчуга да тийбегиле деп айтып атам. Кызматкерлер аны аткарып жатышат. Аткарбагандарды иштен бошотуп жатам. Ачык эле айтайын, кечээ эле күнү 3 кызматкерлерди жумуштан алдым. Бирөөсү бирөөдөн 28 миң доллар бирөөдөн пара алган, экинчиси бирөөгө жардам берип инвестордун 82 миң доллардык акчасын башка адамга өткөрүп берип койгон. Ошолорду башкарып турган орун басарыма, эки бөлүм башчыга сөгүш бердим. Дагы бир ушундай көрүнүш кайталанса, иштен кетишет. Ар бир кызматкерден катуу талап кылам. Эч кими мыйзамсыз иштерге барбашы керек. Биздин аракет, ишибиз мамлекеттин пайдасына гана болушу керек, башка жол жок. Айлыктарыбыз былтыр көтөрүлдү, бирок өкмөткө сунуш берип жатабыз дагы көтөрүп бергиле деп. Бир жылда болжол менен 400 миллион сомдун эсебинде акча кетет экен айлыгыбызга. А биз болсо жүз миллиарддаган сом жылына алып келип атабыз. Кумтөрдү карап көргүлө, 3 жылда бюджетке канча которот, а УКМК канча которуп жатат? Биздин жакшы иштегенибиз болсо, экинчи жактан мамлекетибиз коррупциялык, кландык чириген системага айланып кеткен, аны биз тазалап чыгышыбыз керек.

Мен президентибизге, Акылбек Жапаровго айтып жатам: эгер мен дагы үч жыл иштей турган болсом, 3 жылдан кийин ыйлабашым керек: ошону жасап койбоптурмун деп. Же болбосо менин бул кадрым бар деп бирөөгө ишенип отурбашым керек, мыйзамга ишенишим керек. 3 жылдан кийин мени мыйзам коргошу керек да, жүзүм жарык жүрүшүм керек. Мурдагылар "мени тиги коргоп калат" деп, системага тийишпей жүрүштү. Биз бул системаны чирик кезинде тазалайлы деп кирдик, мамлекетибизди бүт тазалашыбыз керек. Баарын четке жылдырып коелу: жеке кызыкчылык, бизнес, акчаны... Мага эч нерсенин кереги жок: байлык, креслонун да. Мага бир гана нерсе керек - мамлекетибизди таза, мыйзамдуу мамлекетке айлантышыбыз керек", - деди Ташиев.