УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон күрөшүнүн алкагында 200 миллион доллардан ашуун баадагы мүлктү мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ал мүлктөрдүн жарымы учурда сатыкка чыгарылды. "Күрмөнтү цемент" заводун сатып жатабыз, ал дагы УКТнын колунда болгон. "Ай-Пери" салонунда бандиттер чогулуп алып, бар орнотуп, ошол жакта эс алып турушкан. Аны дагы толугу менен мамлекетке өткөрдүк. Ошондой эле автоунааларды, дагы башка мүлктөрдү алдык. Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводу дагы уюшкан кылмыштуу топтордун көзөмөлү алдында иштеп келген. Бардык ири ишканаларда УКТнын үлүшү болгон. Анын баары мамлекетке кайтарылат. Мына, кечээ эле Көлбаевдин компаниялардын бириндеги 10 миллион накталай доллары ачыкка чыкты. Компания бул тууралуу өзү кабарлап, акчаны өткөрүп берди. Ага чейин 10 анан 12 миллион доллар беришкен. Дагы бир компанияга Көлбаевге тийиштүү болгон 30 миллион долларды өткөрүп бер деп айтып жатабыз", - деди Ташиев.
УКМК төрагасы белгилегендей, бардык акчалар УКМКнын депозиттик эсебине түшөт, андан ары президент жарлыгы менен каражатты республикалык бюджетке же өлкө башчынын стабилдештирүү фондуна которулат. Ал эми мүлктөр Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу мамлекетке өткөрүлөт.