Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

Депутат Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча суроо берди. 

"Камчыбек Ташиев коррупция, криминал менен күрөшүп жатат. Мамлекет тарабынан бул кишинин үй-бүлөсүн кайтарганга чара көрүлүп жатабы? Ташиев өзүн ойлобой эле, күрөшүп жатат", - деди Камчыбек Ташиев. 

Акылбек Жапаров УКМК төрагасынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. 

"Камчыбек Ташиевдин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да бир тал чачын жерге түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейбиз", - деди. 

"Бул киши өзү сурабайт, биз өзүбүз кайтарышыбыз керек. Өзүн дагы, үй-бүлөсүн дагы. Анткени күрөштүн жыйынтыгын көрүп жатабыз", - деди Таштанбеков.