Ош облусунда 12 баш бодо мал бир түндө уурдалган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-ноябрга караган түнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 59 жаштагы тургунунун талаада жүргөн 6 баш бодо малын уурдап кетишкен.
Бул боюнча Кара-Суу ИИБи тарабынан "Уурулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүргүзүлгөн.
Ошол эле түнү Жаңы-Арык айылынын 65 жаштагы тургунунун дагы 6 бодо малы уурдалып, бул боюнча да кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш чараларынын алкагында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган кылмыштарга шектүүлөрдү табышкан. Алар Кара-Суу районунун тургундары, мурда бир нече ирет соттолгон 1996-жылы туулган К.А, 1992-жылы туулган Б.Н. 1994-жылы туулган Ж.У. Кадамжай районунун 1985-жылы туулган тургуну К.Т. экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.