Печать
Категория: Коом
Просмотров: 299

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди.

Ал "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт:

"Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун негизинде 720 батир да мамлекеттик менчикке катталды".

Машиев бул батирлер боюнча арыз менен ким кайрылганын тактап айткан жок.

4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) атайын операциясында "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчыбек Асанбек өлтүрүлгөн.

9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.