Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1518

Кечээ, 21-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Таласта УКМК кызматкерлерине жана чек ара кызматкерлерине арналып курулган көп кабаттуу үйдүн ачылыш аземине катышты жана кызматкерлерге батирдин ачкычтарын тапшырды. 

Анда сөз сүйлөп жатып Камчыбек Ташиев атайыз кызматтын кызматкерлерине президент Садыр Жапаровдун камкордугун белгилеп, өлкө башчысынын саламын жолдоду. Аны менен катар кызматкерлерге бардык шарттар түзүлгөнүн айтып, эми ага жараша чын ыкластан иштөөгө чакырды. 

"Талас жергесинде кайсы бир кылмыштар жашыруун жасалып, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген кырдаал түзүлсө, бирок ага чара көрбөсөңөр, анда мен силерге чара көрөм. Мурда облустагы УКМК бөлүмдөрүнүн имараттары кандай болчу, билесиңер, азыр эми ар бир бөлүмдүн жаркыраган имараттары бар. Бүгүн үй берип жатабыз. Бардык шартыңар бар. Айлык көтөрүлдү, келерки жылы да көтөрөбүз. Албетте, бул кызматыңардын акыбети, дайыма айтып келем, дагы бир айтып коеюн: силердин кызматыңардын негизинде мамлекетке акыркы 3 жылда уурдалган, коррупциялык жол менен чыгарылып кеткен 1 миллиард 200 миллион АКШ доллары кайтарылды. Бул такталган цифралар. Жылдын аягына чейин дагы тактап беребиз. Бул сумманын жарымынан көбү бүгүнкү күндө казынага киргизилди. Калганы боюнча да иш жүрүп жатат. Элибизди жакшы багып, жөнөкөй адамдарга шарт түзүү - түздөн түз милдетибиз. 

Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич силерге саламын жолдоду. Дайыма эмне болуп жатат, кандай иштеп жатышат, кандай шарттар түзүлдү, эл арасында кандай маселе бар деп сурап турат. Күнү -түнү элдин коопсуздугу боюнча тынчсызданып отурат. Бул үйдүн курулушуна да президентибиздин түздөн түз тиешеси бар. Себеби үйлөрдүн баары мамлекеттик бюджеттен, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилип жатат. Президентибиз "барып үйлөрдү ачып, менден салам айтып кой", - деди, аны жеткирип коеюн", - деди Камчыбек Ташиев.