Печать
Категория: Коом
Просмотров: 280

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 3 окуучу 12-ноябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан окуучулар 21-ноябрда табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуучулар Ош шаарынан табылган жана азырынча алар ата-энелерине өткөрүлө элек.

Буга чейин айтылгандай, 13 жаштагы Нурислам Мураталиев, Замирбек Мамбетов жана 11 жаштагы Нурмуханбет Мураталиев 12-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатышкан бойдон дайынсыз болуп жаткан.