Бүгүн Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан бир нече автоунаалар аукционго коюлганы белгилүү болду.
Мында, аукцион заманбап жашоодогу кадыресе көрүнүш, өзгөчө белгилөөнүн деле кереги жок эле. Бирок бир жагдай болбогондо. Аукционго чыгарылган автоунаалар "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаевге таандык. Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнүн, арасынан маркум Көлбаевдин уул-кызына, жубайына жетиштүү мүлктөр кайтарылып берилгенин билдирген болчу.
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев аукцион аркылуу кан аралашкан мыйзамсыз жол менен чогултулган мүлктөрдү адалдаштырууга болот деп эсептейт.
"Кримдүйнөнүн "атасынан" калган байлыкты мамлекет ошол бойдон өзүнө алса туура эмес болуп калмак. Мисалы, Саламаттыкты сактоо министрлигине же дагы бир мекемеге автотранспортторду бирден таратып берсе десек. Аукционго коюу менен катардагы жарандарга сатылат, алар өз маңдай тери менен табылган акчага сатып алышат, а мамлекет таза жол менен сатуудан түшкөн каражатты казынага которот. Муну кара мүлктөрдү адалдаштыруу деп атасак болот.
Бул биринчи кезекте мамлекетти уурдап-тоноо же кылмыштуу дүйнө аркылуу байыгандарга эң сонун сабак жана кагылган коңгуроо болушу керек деп ойлойм. Негизи эле мыйзамсыз, кан аралаш табылган мүлктүн акыры көрөөр жери ушул болууга тийиш. Көптөгөн мамлекеттерде мындай практика бар. Мисалы, ошол эле Европа, Америкада конфискацияланган мүлктү аукцион аркылуу элге сатып, каражатты мамлекеттик бюджетке которушат. Ал өлкөнүн кайсы бир керегине жарайт, жарандардын жашоо-турмуш шарттарынын жакшырылышына багытталат. Мафия менен күрөшүүдөн түшкөн байлыкты мамлекеттин пайдасына иштетүүдө бул ыкма колдонулат", - деди Бакыт Бакетаев.