Печать
Категория: Коом
Просмотров: 202

Кара-Суу районунун борборунда флагшток көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын туусу желбиреди. 

Маалыматка караганда, флагштоктун узундугу 38 метр, а туунун узундугу 11 метр, ал эми туурасы 7 метрди түзөт. 

Райондун акими Жакыпбек Субагожоев флагшток демөөрчүлөр тарабынан орнотулганын билдирди. 

"Кыргыз мамлекетинин туусу дайыма желбиреп турсун деген ниет менен орноттук. Кара-Суу району - көп улуттуу аймак. Ошондуктан алардын баары бир туунун алдында биригип, ынтымак болсун, мамлекетибиз келечектүү болсун деп тилек кылдык", - дейт Субагожоев.