- Балама “Курманбек” эпосу менен “Жаңыл мырзаны” айтып бергиче тилим сынып, орусчам түгөнүп, түтөп кетейин деди. Сөзүмдүн аягы “Деля в том што” менен бүттү го, чиркин!
Кыргыз тилди кантип үйрөтөбүз, ошону ойлонбойлубу? Мектепте дароо этиш, зат атооч, жөндөмөлөр, оор эпостор, андагы татаал, адабий сүйлөмдөрдүн кажети барбы? Дароо баланын кыргыз тилге болгон жек көрүүсүн ойготуп албайбызбы? “Чү” дегенде эле чоочутуп албай, алдабайлыбы?
Быйыл балам жайында бир ай “Englishzone” окуу борборуна барып, англис тилин үйрөндү. Ошол жактын методу мага абдан жакты! Ошону кыргыз тилин үйрөнүүгө колдонууну сунуштайм!
Тилди дароо “Present continuous,past tense, past perfect” деген грамматикадан баштап, башты оорутушпайт. Сабакта хит болуп жаткан англисче ырларды ырдашат, кызыктуу кинолордон англис тилинде үзүндү көрүшөт, түрдүү оюндарды ойношот, кызыктуу темаларда ойлорун бөлүшөт, кыскасы, өз ара ушундай жыргашат.
Кыргыздын хит болгон ырларын жаттап келсин. Азыркы кыргыздын сонун комедия кинолору бар. Аларды көрүп, кыргызча айтып берсин. Жеңил, кызыктуу темаларда укмуш сонун аңгеме куруп берсин. Сценка ойносун. Диалог курсун. Ребус, кроссворд тапсын! Табышмак, макал, жаңылмач жаттасын. Театр, куурчак театры, музейлер, кыргыз концерттерине алып барсак, кадимкидей балада тилге болгон сүйүү ойгонот экен. Менин жеке тажрыйбамдан! Иши кылып сонун, башкача ыкма кылсак кантет?
Мугалимдердин өздөрүнө деле кызыктуу болмок болуш керек. “Пландан артта калып каласыңар!” деп жатып, эргүүлөрүн өлтүрбөйбүзбү? Аларга да чыгармачылык эркиндик берип көрсөк кантет? Кагаз, план толтуруудан бошотупчу?
Орус тилдүү балдар үчүн учурдагы адабият китеби оордук кылат экен. Татаал сүйлөмдөр менен адабий тил колдонулган. Кыргыз автордук китептерди бир сыйра карап чыксаңыздар?