Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылганын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган министрлик жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 20-ноябрдан 29-декабрга чейин пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Анын алкагында Жибек-Жолу проспекти, 381 жана Нуркамал Жетишкаева көчөсү, 29 даректериндеги Калкты тейлөө борборлорунда иш убактысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин узартылды.

Документтерди кабыл алуу терезелеринин бир бөлүгү ишин улантат, адистер үчүн түшкү тамак нөөмөт тартибинде болот.

Калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө кененирээк маалыматты 119 колл-борборунан (чалуу акысыз) алууга жана өз сунуштарыңызды калтырууга болот.