Бишкекте соттолуп, 20-ноябрда бошотулган чеченстандык активист Мансур Мовлаевди өлкөдөн чыгаруу өкүмүн аткаруу милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка жүктөлдү. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, соттук коллегиянын өкүмү менен Биринчи Май райондук сотунун 4-октябрдагы өкүмү өлкөдөн чыгаруу тууралуу бөлүк менен толукталды, Мовлаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.
Мовлаев бошотулганы түшкө маал белгилүү болгон. Анын адвокаты Бакыт Автандил "Алты айлык жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Ошонун негизинде сот залынан бошотулду. Азыркы макамы – ал бош адам. Өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим ошо бойдон күчүндө калды. Бирок сот бошоткондон кийин ага кандайдыр бир кызматкерлер келип "токтоп туруңуз" деген жок", - деп "Азаттыкка" билдирген.
20-ноябрдын саат 19:00үнө карата Мовлаев кайсы жакта экени тууралуу так маалымат жок.
Адвокаты соттон чогуу бир машинага отуруп чыгышканын, бирок ал бир аздан кийин түшүп калганын, ошондон кийин байланышпаганын, соттун өкүмү расмий түрдө колуна тие электигин, андыктан өлкөдөн чыгаруу тууралуу кошумча талап боюнча эч нерсе айта албай турганын "Азаттыкка" айтты.
УКМК, ИИМ жана Миграция кызматы да азырынча маалымат бере элек.
Мовлаевге "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылып, 4-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылган.