Печать
Категория: Коом
Просмотров: 78

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин төрт орун басары ээлеген кызмат ордунан бошотулду.  Бул тууралуу МинКабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, экономика жана коммерция министринин орун басарлары: Макешов Чингиз Дуйшенкулович, Закенаев Кубанычбек Акимгазиевич, Абдрахманов Канатбек Жаныбекович жана Малаев Назарбек Камалдинович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.