Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Министрлер Кабинетине төрөтканаларда бэби-бокстарды ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Ал белгилегендей, буга чейин дагы төрөтканаларда бэби-бокстарды ачууну сунуштаган, бирок анда өкмөт колдоого албаган. 

"Өкмөт бул үй-бүлө институтуна туура келбейт жана бокстарды орнотууга көп каражат керектелет деп айткан. Эми башка суроо жаралууда: кыргызстандыктардын өмүрү канча турат? Ташталган балдар азыр суук мезгилде тоңуп калса эмне болот эле?" - деди депутат. 

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Гүлнара Баатырова адам өмүрү баасын экенин белгиледи. 

"Биздин патриархалдык коомдо кыздарды балдарын албаса камап салабыз деп коркутушу мүмкүн. А кыздар өздөрүнө кол салса ким жооп берет", - деди Сурабалдиева. 

Ошону менен катар депутат бэби-бокстарга каражат бөлүүнү караштыруу керектигин билдирди.