Печать
Категория: Коом
Просмотров: 599

Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары райондогу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жолду чоң акчага сатып жиберишкенин билдиришти. 

Тургундар бул маселени чечүү үчүн өлкө президенти Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич.

Сиздерге Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы Жаны-Турмуш айылы МТФ участкасындагы карапайым эл жер мафиясынын мыйзамсыз аракеттери боюнча кайрылып жатат. 

Себеби Кара-Суу районунун "Кадастр" мекемесинин адиси Рахманов Жолдош жана Кара-Суу райондук архитектура башкармасынын адиси Тажиков Алтын жер мыйзамдарынын жана Жер кодексинин 78- беренесинин талаптарын одоно түрдө бузушуп, жалпы пайдалануудагы жолду мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп, жасалма документтер негизинде Мамлекеттик акт берип, жолду жеке менчикке чоң акчага сатып жиберишкен. Натыйжада жолубуз жабылып, карапайым эл жабыркап жатат. Кара-Суу райондук прокуратурасына эл кайрылган. Бирок прокуратура кызматкерлери жолубузду ачпай, жер мафиясын жоопкерчиликке тартпай жатышат. Сиздер: "Мындан ары Кыргызстанда жер мафиясы болбойт, жер мафиясын уюштургандар камалат", - деп айткансыздар.

Кызмат адамдары мурда жер сатышса, эми жер калбаганы үчүн жолдорду сатууга өтүштү.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, жолубузду ачып, жер мафиясын жоопкерчиликке тартып бериңиздер деп суранабыз", - деп айтылат кайрылууда.