Кечээ, 17-ноябрда Камчыбек Ташиев УКМКнын Панфилов районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу билдирди.
Ал Көлбаевге да, Азим Ройго дагы убагында мүмкүнчүлүк берилгенин, мындан ары мыйзам чегинде жашап, талап-тоноо, тартып алуу сыяктуу эски адаттарынан баш тартууну талап кылышканын, бирок кайсы бир убакытка чейин тынч жашашканы менен кайрадан көнгөн ишине баш коюшканын айтты. Генерал мындан улам аларга мыйзам чегинде чара көрүлгөнүн, "мыйзам бардык адамга, ал ким болсо дагы бирдей экенин" белгиледи.
Коомдук ишмер Ахунбай Кошоев Ташиевдин бул билдирүүсүнөн учурдагы бийлик күрөштөн сүйлөшүү жолун бийик коюп, мыйзамсыз аракеттердин ээлерине жашоосун туура нукка буруп кетүүгө мүмкүнчүлүк бергенин, бирок күткөндөрү акталбай калганын билүүгө болот дейт.
"20-30 жылдап бийликтеги тажрыйбасы болсо, балким этияттап мамиле кылып, сүйлөшүп, мыйзамдуу жашоого чакырышмак эмес. Дароо эле катаал чараларга барышмак. Бийликтин ак дилден, катаал чарадан мурда жакшы сөз менен адал жашоого чакыралы деген аракетин алар башкача түшүнүштү. Тескерисинче күчөштү, кримдүйнө өкүлдөрү такымын жеген куу да. "Буларды акырын алдап коеюн дагы, тымызын өз иштеримди бүткөрө берейин" дешти. А бийлик алдоону кечире албайт. Унчукпай кала бербейт. Өздөрүнө жараша ачык мамиле жасашты. Ошентип, кылмыштуу дүйнө менен мыйзамдуу дүйнөнүн кесилишкен дооруна келдик. 30 жыл деген - бул эки муун. Эки муунду камтыган убакыт аралыгында кримдүйнө канчалык өнүккөнүн көрдүк. Буга чекит кое турган учур келиши керек эле.
Ташиев УКТ менен байланышы бар мамлекеттик чиновниктер кызматтан алынаарын айтты. Бул туура. Ансыз болбойт. Мамлекеттик кызмат менен кримдүйнө такыр жалгашпаган тараптар. Мамлекеттик кызматка келген адам мыйзамга туура келбеген байланыштарын үзүү керек. Же кызматка келбеши керек.
УКМК жүргүзүп жаткан күрөштөрдүн жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, 5-10 жылда Кыргызстан кандай болоорун элестетип көргүлө. Азыр арабызда каткырып, жакшынакай сөздөрдү сүйлөп, байкатпай жүргөн коррупционерлер болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтор жоюлат. Жаңы турмуш, жаңы коом, жаңы мораль жана жаңы этика орнойт. Жаңычылыкка бет алууну кааласак, азыркы терс көрүнүштөрдүн жок болушун чын дилден тилесек, күрөшкө жолтоо болуштун кажети жок. Мыйзам баарына бирдей болсун", - деди Ахунбай Кошоев.