Печать
Категория: Коом
Просмотров: 433

Камчыбек Ташиев УКМКнын Панфилов районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде атайын кызматтын кызматкерлерин өлкөдөгү аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөдү. 

Ал мурда баланы ата-эне урушуп, кээде сабап да койгонун, бирок балдар аны туура түшүнгөнүн белгиледи. Ал эми азыр ата-эне тарабынан балдарга кордук көрсөтүлүп, какыс-кукус эмес, өлтүрүп, кескилеп салган да окуялар болуп жатканын кейиштүү белгиледи. 

"Мындай терс көрүнүштөрдү болтурбай, алдын алууга аракеттенүү керек", - деди Ташиев.