Кечээ бир үкам Индияга барып келип "ака, Кыргызстанга нааразы болгондор Индияны көрүп келиши керек экен", - деди. Эмнеге десем, "Индияда тилемчи өтө көп экен, эл көчөдө эле жатат, 1 метр жерде соода кылышат экен, соода кылган жеринин артында эле жатып, көбөйүшө берет экен, бирок эли жашоосуна нааразы эмес, дайым жайдары маанайда жүрүшөт экен", - дейт.
Урматтуу туугандар, чындыгында биздин Кыргызстан жашоонун ырахатын ала турган өлкө.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө караганда цивилдүү, бай, демократиялуу мамлекетпиз.
Бир учурда ушундай кооз, кен байлыкка бай, өнөр-жайы өнүккөн мамлекетти талкалашып, уурдап-тоноп, сатышып итке минген, жарды өлкөгө айландырышкан.
Акыркы жылдары Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич башында турган бийлик ошол тонолгон, таланган мамлекетти калыбына келтирүүдө опол тоодой эмгектерди жасап жатышат. Казынага кол салган келемиштердин колу кишенге салынып, өлкөнүн тынчтыгын бузам деген бузукулар темир тор артына кетишүүдө.
Экономикабызда секирик болуп, өлкө боюнча жүздөгөн социалдык обьектилер курулуп, жолдорубуз салынып, аскердик техникалар алынып ж.б. турмуш -тиричилигибиздин бардык тармактарында өсүп-өнүгүү болуп жатат. Албетте, иш жүргөн жерде кемчилик болот. Ошол анча-мынча кемчиликти тоодой кылып көргөзүп, элибизди дүрбөлөңгө салуу, өлкөбүздүн тынчтыгын бузуу керекпи?
Анча-мынча кемчилдик болсо цивилдүү түрдө сунуштарды берип, бийликтин колуна-кол, бутуна-бут болуп ар тараптан жардам берсек болбойбу? Же сөзсүз эле тополоң кылуу керекпи?
Шүгүр дейли замандаштар, жогоруда айтылган мамлекеттин жашоочуларындай эмеспиз.
Көчөлөрдө жаткандар жокко эсе.
Өнүгүү-тынчтыкты сүйөт дегендей эң башкысы тынчтыгыбызды сактайлы, бузам дегендерден бирге туруп коргойлу!
Бийлик, байлык талашып жүрүп Кокон хандыгындай же Украинадай болуудан Жаратканым сактасын!
Мыйзам диктатурасын каккан казыктай орнотууга учур келди, мыйзам менен жашоо учур талабы.
Бийлик, байлык келип-кетчү нерсе экенин түшүнүп, учурду жеке кызыкчылыкка эмес, баштарын канжыгага байлап, ажыдаарлар менен күрөшүп, сиздерге тынчтык тартуулайм деп жаткан баатыр агаларды, анын тайманбас жоокерлерин душман көрбөй, тескерисинче ар тараптан колдоо кылып турсак, буюрса, баары жакшы болот.
Шүкүрбек Эркебаев