Соцтармактарга жалган, чуулуу билдирүүлөрдү таратканы менен таанымал болгон Тилекмат Куреновдун элди митингге чыгууга чакырыгы токтой элек. Жакында эле АКШдагы Кыргызстандын Элчилигинин имаратынын алдына митинг өткөрүп, саясий туткундарга боштондук берүүнү талап кылды. Белгилей кетсек, Куренов учурда АКШда жашоодо.
"Айкөл таза коом" коомдук бирикмесинин төрагасы Усупбий Шеримбаев Куреновду "лже-патриот" атады.
"2010-жылдын 7-апрелинен бери 13 жыл өттү. Бул убакыт аралыгында 3 президентти көрдүк: Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбеков. Биз бардык президенттерди колдоп, иштесин деген ниетте убакыт берүүнү кааладык. Бирок мамлекетти көтөрөт, жакшы иштерди жасайт деген тилегибиз ишке ашпады. Атамбаевдин учурунда Кытайдын "Эксимбанкына" 1,5 миллиард доллар карыз болдук. Эми ошол карызды Садыр Жапаров төлөп жатат. 30 жылдан бери уурдалган, талкаланган мамлекетти Жапаров оңдоп, өнүктүрүүгө аракетин жасоодо.
Башка мамлекеттерде: Украина, Палестинада согуш болуп, карапайым адамдар өлүп жатат. А биз тынчтыгыбызды сыйлабай, Куреновго окшогон лже-патриоттор чыгышууда. Мен Куреновго айткым келет, кыйын болсоң Кыргызстанга келип, элдин алдына чыгып айтпайсыңбы айтчуңду. Азыркы ажобуз айкөл киши экен, канча кыйынчылыктардын башынан өткөрткөн Атамбаевди кечирип, кое берди. Түрмөдө жатканда ата-энесинен, уулунан ажырады. Абактан чыккандан кийин үйүн балдар үйүнө айлантты. А Атамбаев бийликте турганда балдар үйүн ойломок тургай, Текебаев айткандай 7,5 миң долларга өзүнө хансарай курду.
Деги бизге иштесе да жакпайт, иштебесе да жакпайт. Мына, азыр Жапаров чек араны чечип жатат, 2 миллиард доллар армияга жумшалды. Чек арада иштеген байкелерибиз "эч убакта биздин айлык 100 миң сомго көтөрүлгөн эмес" деп жатышат. Колдорунда 5 миң долларлык автоматтар экен. Мурдагыдай тажиктер бизге тийишпей калышты, анткени айлыгыбыз канча экенин, курал-жарактарыбыз кандай экенин билишет деп жатышат.
Ушундай абалда да кыйкырып жаткандарды бузуктар дейм. Чыгып алып ар кайсыны сүйлөп, элди алдап жатышат. Куреновдун кылыгы эркек адамга ылайыктуу эмес. Айтып жатпайбы "мен Америкада отура берейин, силер чыккыла, бийликти алсаңар барам, албасаңар отура берем" деп", - деди Шеримбаев.