Печать
Категория: Коом
Просмотров: 416

Интернетке абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун Америкадагы уулу Азат менен телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиосу жарыяланды. 

Видеодо айтылгандай, Жээнбеков уулуна Тилекмат Куреновду дайындап, "митингге чыкканына жардам берип кой, сен аны кантип уюштурушту билесиң" деген. 

Тилекмат Куренов Кыргызстандан чыгып кеткенине көп болду. Алыскы Америкада отурукташа баштаганына карабай, ушул кезге чейин Кыргызстанда чыр-чатак чыгарууга кызыкдар экенин чыгарган видео, жарыялаган билдирүүлөрүнөн улам билүүгө болот. Ал бийликти сындап, элди кезектеги төңкөрүшкө үндөп келет. 

Буга чейин тынч албаган Тилекматтын кызыкчылыгы эмнеде деген суроолор болуп келсе, Жээнбеков менен сүйлөшүүсүнөн кийин ага жооп табылгандай болду. Абактагы саясатчы Батышты өзүнүн жеке маселесине көңүл бурдуруу үчүн грин-картты шылтоолоп, АКШдагы Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг өткөрүүнү пландагандай. Ал планын Тилекмат Куренов аркылуу ишке ашырууну каалаган. 

Ал "максатына" жетти: Куренов АКШдагы кыргыз элчилигинин алдында митинг өткөрдү. "Саясий туткундарга боштондук!" деп кыйкырган саясатчынын "долбоору" өз миссиясын аткарды.