Келерки жылы төрт учак алынып, ички каттамдарга коюлат. Билет баасы арзан, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал учурда Кыргызстандын ичиндеги 7 облусту байланыштырган аба каттамын жандандыруу боюнча иш кызуу жүрүп жатканын белгиледи.
"Анын алкагында, "Нарын", "Казарман", "Талас", "Жалал-Абад" жана "Кербен" аэропорттордунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальтоо иштери жүрүп, иштер дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды.
Президентти түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири — бул унаа жолундагы кырсыктар эле. "Өлкө башчысы кырсыктарды азайтуу максатында ички аба каттамдарын жандандырууга көңүл буруп жатат", - деди.