Печать
Категория: Коом
Просмотров: 397

КР УКМК чет элдик жарандарга гана интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, бул топ мыйзамдуу иштеп жаткандай түр көрсөтүп расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштурган. А чындыгында ал жерде чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүү үчүн жашыруун жай болуп, интимдик мүнөздөгү кызматтар да көрсөтүлүп келген. 

Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке алуу механизми түзүлүп, анын жүрүшүндө уюштуруучулар аларды ар кандай шылтоолор, анын ичинде коркутуу, шантаж жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга активдүү аракет кылышкан.

Бул жай тар чөйрө үчүн уюштурулуп, чет элдик жарандар гана бара ала тургандыгы өзүнө өзгөчө көңүл бурдурат (балким жашыруун тасма тартылып, алынган айыптоочу далилдер бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла албай турган чет элдиктерди шантаж кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн).

Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 10-ноябрында керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, аларды ишке ашыруу учурунда ал жерде 30дан ашык кыз жана 16 чет элдик жарандар болгон. Бул иштерге жашы жете элек кыздардын тартылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

КР Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (“сойкулук кылууга тартуу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жайдын уюштуруучулары “Б.Б.”, “М.К.” жана “Н.Ч.” кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жайдын мамлекеттик кызматкерлердин ичинен бейформал колдоочуларын, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.