Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

2023-жылдын 13-ноябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 22 миң 500 тонна аштык буудай сатып алынганын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, сатылып алынган дан эгиндеринин сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес жана курамындагы илешкектиги (клейковина) 23 пайыздан кем эмес.

Учурда буудай сатып алуу иштери уланууда.