Печать
Категория: Коом
Просмотров: 317

19-ноябрда Фейсбук социалдык тармагы аркылуу элди массалык башаламандык уюштурууга чакырган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында Фейсбук социалдык тармагы аркылуу элди массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырган “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды.

Ал кылган ишинин жоопкерчилигинен качуу үчүн соцтармакта купуялыкты карманган, башкача айтканда фейк аккаунтун колдонгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Р.нын жашаган жеринде  4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды. 

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.