Акыркы учурда соцтармактардын айрым колдонуучулары тарабынан ноябрь айынын аягында өлкөдө кезектеги ызы-чуу орун алаары тууралуу маалыматтар тарап жатат. Алар 19-ноябрда митинг болоорун айтышууда.
Коомдук ишмер Кайрат Кыштообаев кезектеги төңкөрүш өлкөнүн келечегин ойлобогон, жеке кызыкчылыгын бийик койгондордун каалоосу экенин белгилейт.
"Ызы-чуу болот деп ким айтса, ошонун оозуна кара таш дейт элем. Анткени өлкөбүздө бир эмес, бир нече ирет төңкөрүш болду, бийлик күч менен алмашты. Андан ким ийгилик тапты жана ким жапа чекти? Баягы эле карапайым калк жабыркадык, өлкө экономикасы ылдыйлады, а бирок айрым мафиялардын байышына себеп болду.
Биз өз кайгыбыз менен өзүбүз гана алыштык, төңкөрүштүн кесепеттерин жоюу жалгыз өзүбүзгө жүктөлдү. Сырттан бирөө келип бизге жардам берип койдубу? Ошондуктан Кыргызстан бизге, өзүбүзгө гана керек, ушул көз караштан алганда интернет айдыңында интрига кылып, элди козутуп жаткандарды көңүл сыртында калтыруу зарыл. Кыргыз элинин келечегин ойлобогон, бийлик гана керек болгон тарапка тез арада мыйзамдуу чара көрүү керек деп ойлойм.
Алар уюштурган ызы-чууну дайыма айтылып келген үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүүсү ыктымал. Төңкөрүш кылууну каалагандар тилекке каршы, бар, бирок шылтоо жок ичтеринен бөгүп жатышат. Алардын арам ойлорунун ишке ашышына шарт түзбөшүбүз керек.
Ал эми реалдуу караганда, митинг, ызы-чуу же төңкөрүш боло тургандай себеп учурда жок. Эгерде кокус дагы ушул кадамга бара турган болсок, өлкөнү жоготуп алуу коркунучубуз калыңдайт. Мына, ушундай коркунучка элди үгүттөп ээрчиткендерди эл душманы, чыккынчы деп атоого болот. Андайдар чүкөлөрүн алыс ойношсун.
Менин бийликке сунушум: бардык тармак боюнча активдүү жаштарга, ал турмак оппозициячыл топторго диалогго шарт түзүп берип, кандай маселе жаралса, ачык сүйлөшүүлөрдү уюштуруп турушса жакшы болмок. Бул элге ыкчам, так маалыматтын жетүүсүн камсыз кылмак", - деди Кайрат Кыштообаев.