Печать
Категория: Коом
Просмотров: 610

Эл керектөөчү товарларды сатуу менен алектенген ишкерлерге келтирилген зыяндын орду толтурулганын УКМК билдирди. 

Буга чейин УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан Кытайдан экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келгендер кармалганы маалымдалган. Кармалгандар К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болуп чыккан жана алар ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан. 

Эскерте кетсек, УКМКга кылмышкерлер тарабынан 385 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян тарткан М.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулду.

Өз кезегинде алар уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн КР УКМКнын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.