Мамлекет үчүн эмес, керек болсо өзүнүн керт башына дагы ийгилик жарата элек бекерчилердин акыл-насаатына муктажбызбы? Мен ушул боюнча пикиримди жазып, аны талкууга салып, сиздердин дагы ойлоруңуздарды уккум келет.
Тилекке каршы ушундай “акылдуулар” арабызда бар, алардын катарында Тилекмат Куренов дегенди мисал кылгым келет.
Анын соцсеттерде адепсиз аракеттери, кимдир бирөөнүн кадыр баркына шек келтиргени, жалган жалаа, куру дооматтарды айтып кыйкырганы, баш аламандыкка элди үгүттөгөнүнөн башка пайдалуу иштерин көргөн эмесмин. Аны тааныгандар аркылуу 40 жашка чыгып калса дагы ата-энесинин мойнунда отурганы, иштеп акча таппаганы, мындан 3 жыл мурда Москвага барып такси кылып жүргөнү, мамлекеттик жумушта бир күн дагы иштеп көрбөгөнү тууралуу маалыматтарды алдым.
Кимдир бирөөлөрдүн азгырыгы менен бийликке каршы чакырыктарды кылып, андан соң чет өлкөгө чыгып кетип, шыкактаган адамдары карабай талаада калганы тууралуу дагы жаз айларында кайрылуу кылган.
Учурда Америкага жетип алган, күн сайын бузукулук чакырыктарды таратып турат. Буга чейин бир нече жолу “мен келем, митинг уюштурам, миңдеген адамдар чыгат”-деп айткан. Бирок бир дагы жолу келген эмес, анын сөзүнө ишенип бир дагы адам көчөгө чыккан жок. Тилекмат Куренов бул сапар дагы “19-ноябрда ири митинг уюштуруп жатабыз, көчөгө чыккыла”-деп күндө соцтармактардан кыйкырып жатат. Бул деле анын кезектеги оорулуу кыялы.
Мен Тилекмат Куреновдун кадыр-баркына шек келтиргим келбейт, бирок 40 жашка чукулдап, бүгүнкү күнгө чейин улгайган ата-энесинин мойнунда жүк болуп отурган жигиттин – мамлекетти кантип башкаруу керектиги тууралуу мораль үйрөткөнү канчалык туура? Жеке өзүн бактылуу кыла элек, үй -бүлөсүн бактылуу кыла элек, өзүнүн муктаждыктарын орундатууга жарабаган адамдан эмне үмүт кылса болот?
Тилекке каршы – ушундай бекерчилер соцтармак аркылуу коомчулукка жагымсыз, адамдын маанайын түшүргөн ушактарды таратууда. Так ушундай психикасы жабыркаган, фейсбукта бекерчилерден “лайк” чогултканына кубанып, өзүн жылдыз сезген адамдардан Куренов жалгыз эмес. Куренов сыяктуу “иксперттер” көп. Алардын көпчүлүгү бул жашоодо эңсеген кыялына жетпей калып, ал өксүгү үчүн башкаларды күнөөлөп жашап калышкандар. Кыргызда “сынчынын сыңар өтүгү майрык” - деп коет, так майрыктар ушулар. Убактыңарды ар кимди жамандап коротпой, ак эмгек мээнет кылганга жумшасаңар кана?..
Ал эми Тилекматка айтарым, артыңа Кыргызстандын желегин коюп алып, улам түз эфирге чыгып алып сүйлөсөң эле акылдуу, коомдук ишмер, бийик болуп калбайсың. Мынтип бузукулук кылганын сени кооздобойт, жигитти ак эмгек, эмгектен жаралган ийгилик кооздойт. Ар кайсыны сүйлөбөй өз турмушуңду оңдоп, ийгилигиң менен бизге сабак бол!
Чынара Мамажакыпова