Печать
Категория: Коом
Просмотров: 309

- Кайып Шер мырза, Раим миллионду колдоп митингге чыгып жүрдүңүз эле, азыр кандай пикирдесиз? Баса, ошол Раим миллион каржылаган сайттан Света деген көзү ачык азыркы бийлик боюнча жоромолдорун айтыптыр, буга ишенүүгө болобу?

- Ооба, мен Раим камалганда мен митингге чыккам. Ковид болгондо элге жардам берди эле, мындан ары да эл-журтка пайдасы тийсин, ийриси түзөлүп кетер деп колдогом. Тилекке каршы, Атамбаев менен Көлбаевдин арыгынан чыга албады.

Ал эми Света бар же жогун эч ким билбейт. Болгон күндө деле көзү ачык, шарлатандарга ишенүүгө болбойт. Алар оюна келгенди дөөрүй берет.

Негизи, Светанын айткандарынан башка нерсени байкасак болот. Кесе айтканда, анын сөздөрүнөн "Раим- миллиондун" кулагы чыгып турат. Ал буга чейин Кыргызстанды мен башкарам деп, бардык кирешелүү тармактарга өзүнүн мафиясын коюп чыккан. Маселен, Бажыда жалаң Раимдин мафиясы каптап кеткен болчу. Ошол себептен Атамбаевдин учурунда чириген байга айланды. Кийин С.Жапаров менен К.Ташиевди дагы сатып алууга аракеттенип, анысы ишке ашпады. Тескерисинче, далай мүлкүн алып, 2 млрд сомду кустурду. Кечээ Көлбаев жок кылынгандан кийин дагы бир топ байлыгы чубалып чыкты. Аргасы түгөнгөндө өлкөдөн качып кетиптир деп жатышат. К.Ташиевге рахмат айтсак болот, анын Бажыдагы мафиясынын тамырын кыркып, Кыргызстанды башкарам деген тилегин талкалады. Раим эми ошол ичкүптүсүн өзүнүн сайты менен чыгарып, Света деген көзү ачыктын атынан демиш болуп, сырттан согуп жатат. Бул сөздөр Света көзү ачыктыкы эмес, Раимдыкы, мен муну кесе айта алам.

Зулпукаар Сапанов