Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримавторитет Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейлик тоюна катышкан видеосу соцтармактарга жарыяланды. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул эски видео экенин айтып чыкты.
"МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу - социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат.
Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.
Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз", - деп жазды басма сөз кызматтын жетекчиси.