Печать
Категория: Коом
Просмотров: 206

"Эмарк Групп" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү 2024-жылдын 4-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди. 

Чолпонбек Акматов КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча айыпталып жатат. 

Буга чейин "Авангард стиль" курулуш компаниясынын камакка алынган башкы директору Эрнис Минкеев бошотулганы белгилүү болгон.