Печать
Категория: Коом
Просмотров: 494

Айылдык балдарга карата коркунучтуу акыйкатсыздык жана айрым депутаттардын арзан пиары тууралуу. Депутат Элвира Сурабалдиева начар жагынан таанымал болгон Атазов менен биргеликте арзан хайп кармап, мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тамактандыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Алардын айтымында, кимдир бирөөнү кайсы бир нерседен кемитиптир. Балдарды тамаксыз калтырышыптыр. 

Депутаттар алгач ойлонушса болмок, эгер билишпесе ким кимди эмнеден кур калтырды деп сураш керек эле. Канча бала бул тамактанууну алып жатышат?

Балдардын 80 пайызы мектепке чейинки билим берүүгө жете алышпайт, ага жол жок. Аз сандагы балдарга гана бюджеттен каралган мектепке чейинки билим берүү кызматы жеткиликтүү болот, ага кошумча - тамактандыруу. А көпчүлүк балдарга эч нерсе жок. Бул дискриминизацияланган балдардын көбү айыл жергесинде жашашат. Кийин бул балдар мектепте жакшы жетише алышпайт. Андан кийин өмүр бою аз айлык төлөнгөн иште иштеп, жакырчылыкта жүрүшөт. Бул акыйкаттуулукпу? А бюджет бирөө эле да. Ал эми "тамактандыруу" беренеси дайыма уурдалып келген нерсе. Ооруканада болобу, мектепте болобу, бала бакчада, ал турмак түрмөдө дагы. 

Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелериндеги тамактандырууну ата-энелер жана жергиликтүү бийлик камсыздашы керек. Мамлекет болсо мектепке чейин билим берүү кызматын шаарда же айылда экенине карабай бирдей жеткиликтүү кылганга милдеттүү. 

Сурабалдиева билим берүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууга дээрлик катышкан эмес. Болбосо ага ишеним артып, чакырышкан. Так ошол убакта бул мыйзам өлкөдө кеңири талкууланып жаткан. Аналитика жана иликтөө мыйзам долбоорунун негизи болгон. Билим берүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш жана Өкмөттүн күрөшүнөн, компромиссинен жаралган. 

Ооба. Мыйзамдын айрым жоболору элге жакпайт. Бирок максаттуу. Билим берүү өтө оор абалда. Оор абалды жараткан жагдайлардын бири - шаардык жана айылдык билим берүүдөгү чоң теңсиздик. А мектепке чейинки билим берүүдө бул теңсиздик муздак эсепти алып жүрөт: айылдык балдарга нөл гана туура келет. Жогоруда аталган депутаттар  тамактандыруудагы уурулукту калыбына келтирүүгө аракеттенип жатышат. Айыл жергесиндеги мектепке чейинки билим берүү толук жок экенине көздөрүн жумуп коюшту. Билим берүү менен тамактандыруу - бул өз өзүнчө нерселер. Билим алууга конституциялык укук бар. Бирок тамактандырууга бул укук жок. Ал турмак бай өлкөлөрдө балдарды бала бакчага беришет дагы, жей турган тамагын ата-энелер контейнерге салып барышат. Биздин, жакырчылык жогорку деңгээлде болуп турган постсоветтик өлкөлөрдө тамактандыруу билим алууга жардам берет. Анткени ачка балага бирдеме үйрөтүү кыйын. Бирок милдеттерди мамлекет, жергиликтүү бийлик жана ата-энелерге тең бөлүү керек. Мамлекет мектепке чейинки билим берүү кызматына кепилдик берсин. Айылдабы же шаардабы - жергесине карабай. А жергиликтүү бийлик жана ата-энелер тамактандырууга кетчү чыгымды бөлүшүп алышсын. Ошондо жергиликтүү бийлик "тамактандыруу үчүн" беренесине ылайык борбордук бюджеттен бөлүнгөн каражатты уурдагандай уурдай албай калат. 

Билим берүү тармагындагы абалды талдагандан качкан депутат айым Элвира Сурабалдиева кесиптештеринин коомчулуктун колдоосуна ээ болгон мыйзам долбоорунан өөн таап отурганы өкүнүчтүү. Финансы министрлигиндеги айрым адамдарды керосин акырын өрттөп жатат деп шектенүүгө негиз бар. Кво - статусту сактап калуу тымызын финансисттердин кызыкчылыгында. А депутат Сурабалдиева кааласа, каалабаса дагы балдардын реалдуу кызыкчылыгына каршы иштеп жатат. 

Бурул Макенбаева