Бийликтин коррупцияга, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүн коомчулук кандай кабыл алууда? Бишкек шаарынын тургуну Талант Пайзуллаев коррупция жана кылмыштуулукту жоюу менен гана өнүгүүгө кадам таштоого болот деп ишенет.
"Азыркы бийликтин алып барып жаткан ишин өтө жакшы деп баалайм. Анткени коррупция, уюшкан кылмыштуу топторду чекесинен тазалап жатат. Канча деген инвесторлор, бизнесмендер ошолор тараптан болгон кысымдын айынан чет жакка качып кетип жатат. Уюшкан кылмыштуулук, коррупция жоюлса, инвесторлор менен иштешип мамлекетте өнүгүү болот", - деген ал.