Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Ажымалиев Тимурлан Максатбекович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Акылбек Жапаровдун буйругунун негизинде Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулган.