Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1518

Бүгүн, 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин куттуктап жатып, алардын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү орду чоң экенин белгиледи. 

"Бүгүнкү күндө кылмыштуулукка каршы күрөш күчөгөн. Айрыкча уюшкан кылмыштуулукту түп-тамырынан жок кылуу силердин колуңарда. Башка кызматтагылар кылмышкерлерди аныктап, тактап берсе, аларды жок кылуу силердин колуңарда. Силерге эмне керек болсо, бардык шартты мамлекет тарабынан жасап бергенге милдеттүүбүз. Бийлик өкүлдөрү милиция, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бардык жактан камсыз кылууга аракеттенип жатат. Кайсы бир жактан жетишсиздик болсо, маселелер жаралса, айткыла. Жөн гана катарга тизилип, буйрук аткарып гана жүрө бербей айтууга да укугуңар бар", - деди Камчыбек Ташиев.