Печать
Категория: Коом
Просмотров: 282

Бүгүн, 31-октябрдан тартып Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Ошондой эле жылытуу эки этап менен берилет:

- биринчи кезекте - ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине;

- экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.