Печать
Категория: Коом
Просмотров: 527

Мамлекетте мыйзам орногондо гана өнүгүү болот. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев УКМКнын Жайыл районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди. 

"Мамлекетибиз мыйзамсыз болсо өнүгө албайбыз. Көбү эмнеге башка мамлекеттер өнүгүп жатат, эмнеге башка мамлекеттерде элге жакшы шарттар түзүлгөн деген суроо беришет. Себеби ал жакта тартип бар. Тартип мыйзамдуулук менен сакталат. А бизде көрүнгөнү өзүнүн мыйзамдарын, тартиптерин орнотуп, коом оңолбой келатат", - деди Ташиев. 

Ошондой эле ал 70 жаштагы жарандын кармалышы боюнча айтылып жаткан "карыган адамды кармабай эле коюшпайбы" деген пикирлерге жооп берди. 

"Мыйзам талап кылынбагандыктан көп терс көрүнүштөр пайда болду. 70 жаштагы апаны камап коюшуптур деп жатышат. Мыйзамды буза турган болсо, 70ке чыгабы, 80-90го чыгабы же 18 жаштабы - мыйзам алдында баары бирдей, жооп берүүгө милдеттүү. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды бир, эки жолу эмес, дайыма таратып жатышат. Андай адамдарды жоопко тартыш керек. Апа Таш-Көмүрдөн болсо, кармалгандардын дагы бири Кочкор-Атадан экен. Өлкөнүн жакшы жерлерин тартып, ушул жерлер сатылып кетти деген видео чыгарышты. Пенсионерби, студентпи айырмасы жок, мыйзам бузса, жооп берет. Ошондо гана жашоо-турмушубущ оңолот", - деди. 

Ташиев мыйзамсыздык күчөгөндөн өлкөдө революциялар орун алганын, анын негизинде өлкө алсызданганын, ошондуктан мыйзам тартибин катаалдантып, мамлекеттин өнүгүшүн колго алуу зарылдыгын белгиледи.