Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1052

"Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылганыбызды кээ бирлер ностальгия менен эстеп жатат. Ошолорго болушкандай болуп сүйлөп  видеолорду чыгарып  аларды колдогондошууда", - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Жайыл райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында. 

Ал дагы бир жолу уюшкан кылмыштуулукка болгон күрөштүн эрежелерин эскертти. 

"Мындан ары кылмышкерлерди эле эмес, кылмышкерлерди колдогондордун баарын жазалайбыз.  Кылмышкерлерди колдоп  кылмыштуулукту жогорку деңгээлге алып чыгып  популизация кылгандарды, ошолорду өнүктүрүүгө аракет кылгандарды да биз жазалашыбыз керек.  Уюшкан кылмыштуулук түп тамыры менен жок болсун. Биз  буга өзүбүздүн кызматыбыз менен  шарт түзүшүбүз зарыл.  Мындан тышкары мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин арасындагы тазаланууну баштайбыз. Райондордо, облустарда министрликтерде  мамлекетке каршы иштеп пайдасын тийгизбей, зыянын тийгизген  кызматкерлер көп. Ошолдордон тазалануу кажет.
Аларды жөн эле кызмат ордунан бошотуп койбостон, кылмыш жоопкерчилигине  тартышыбыз керек.
Кийинки мамлекеттик кызматкер мыйзам бузууга же болбосо мамлекетке зыян келтирүүгө  эч качан багыт албай турган кылабыз", - деди Ташиев.