Печать
Категория: Коом
Просмотров: 396

Кечээ, 18-октябрда “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар Бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулганын УКМК билдирген эле.

Бүгүн бошотулган 50 кызматкердин арасында Камчы Көлбаевдин бир тууганы Бакыт Асанбек уулу бардыгы жана ал Түндүк-Чыгыш бажысынын башчысынын орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болду.

Бийлик өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топторго карата аеосуз күрөш баштаганын жарыялаган. Аз убакыттын ичинде кылмыш дүйнөсүнүн бир нече өкүлдөрү кармалып, "мыйзамдагы ууру" катары Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун анабашысы эсептелген Камчы Көлбаев кармоо операциясы учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынган. 

Андан соң Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин мыйзамдаштырууга жана адалдоого катышкандардын бардыгы массалык түрдө кармалып, камалган. Алардын арасында ишкерлер, курулуш компанияларынын ээлери болгон.

Аны менен катар уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталаарын, ал - ошол кримдүйнөнүн өкүлдөрүнүн жардамы менен мамлекеттик кызматтарга илешип калгандарды тазалоо болоору кабарланган. Бажы кызматындагы 50 кызматкердин иштен алынышы экинчи этаптын башталганынан кабар берет. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да ушул темада пикирин билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жазалоо менен бирге алардын жакындарына, досторуна, тыгыз байланыштагы бизнес-өнөктөштөрүнө да чара көрүү зарылдыгын белгилеген. Депутат ушундай кылуу менен гана кылмыштуу топторду түп тамыры менен тазалоого боло турганын айткан. 

Мында бир нерсе эске алынууга тийиш - бийлик, тиешелүү органдар кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө канчалык умтулушпасын, коомчулуктун колдоосу болбосо бир канаты кыркылган куштун кебетесин берет. Биздин өлкөдө кайсы бир кылмышы үчүн мыйзам жоопкерчилигине тартылган аткаминерлер жана башкалардын жактоочулары сөзсүз табылат. Канча деген оор кылмыштарга кириптер болуп, "мыйзамдагы уурулукка" жетишкен Көлбаевди жактап, актагандар табылганы буга далил. Эми Бажыдагы 50 кызматкердин иштен бошотулушу боюнча "жактоочулардын" армиясы пайда болушу да мүмкүн. Бул айрымдарда жабырлануучу - мыйзамсыз аракеттерге туш болгондор эмес, мыйзамсыз аракеттерди жасагандар деген түшүнүк калыптанып калгандан улам.