Өзбекстандан үч адам Камчы Көлбаевдин өчүн алуу үчүн Кыргызстанга келгенин УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн Ɵзбекстандан атайын үч адам киши өлтүрүү ниети менен чек араны бузуп Кыргызстандын аймагына ɵтүп келишкен.
Булар коңшу өлкөдө бир канча адамдарды ɵлтүргɵндүгү үчүн издɵɵдɵ жүрүшкɵн Ɵзбекстандын жарандары экени аныкталган. Алар:
- Каримбердиев Ойбек Аббос угли, 1997- жылы туулган;
- Рустамов Азамат Шухратович, 1996- жылы туулган;
- Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат угли, 1994 -жылы туулган.
Алдын ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык жогорудагы Ɵзбекстандын жарандары мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн, керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен.
УКМКнын кызматкерлеринин «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте ыкчам иштеринин жыйынтыгында жогорудагы киши өлтүрүүгө аракет кылгандар Бишкек шаарынан кармалышып, 2023- жылдын 13- октябрында Ɵзбекстанга ɵткɵрүлүп берилди.